Садыр Жапаров Ульф Кристерссонду Швеция Королдугунун Премьер-министри кызматына шайланышы менен куттуктады

 Садыр Жапаров Ульф Кристерссонду Швеция Королдугунун Премьер-министри кызматына шайланышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ульф Кристерссонду Швеция Королдугунун Премьер-министри кызматына шайланышы менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасы менен Швеция Королдугунун ортосундагы мамилелер өз ара кызыкчылыкка негизделген бардык тармактарда мындан ары бекемдеп, өнүгө берет деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Ульф Кристерссонго чың ден соолук жана мамлекеттик ишине зор ийгиликтерди, ал эми Швеция элине бейпилдик жана өнүгүү каалады.

Связанный пост