Дээрлик 12 млрд сом. Бажы кызматы пландын аз аткарылышынын себебин түшүндүрдү

 Дээрлик 12 млрд сом. Бажы кызматы пландын аз аткарылышынын себебин түшүндүрдү

2022-жылдын 9 айына карата бажы төлөмдөрдүн түшүү планы 64,8 млрд сом өлчөмүндө деп белгиленген. Бул тууралуу  Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди.

Анын айтымында, бажы төлөмдөрдөн 50,4 млрд сом, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн алым 14,4 млрд сомду түзмөк.

“Иш жүзүндө ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча кирешенин суммасы 52,9 млрд сомду түздү. Бажы төлөмдөрдөн 41,6 млрд сом, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 11,3 млрд сом чогулду. План 81,6 пайызга аткарылып, 11 млрд 915,5 млн сомго аз каражат түштү”, – дейт ал.

Исабеков пландын аз аткарылышынын эки себебин айтты.

“Планды кабыл алып жаткан учурда мамлекеттик, анын ичинде бажы кызматында иштебеген адамдар келип, ошол убакта жылдык план кабыл алынып калган. Бирок, кандай болбосун планды аткарууга аракет жасайбыз. Азыркы күндө бажы төлөмдөрдү чогултууда бажылык администрлөө (тескөө) үч эсеге жакшырды. Буга көрсөткүчтөр далил. Экинчиден, Россияга кирген санкция, Украинадагы куралдуу кагылышуу. Анын толкуну бизге чейин жетип, кесепетин тийгизип жатат. Мындан сырткары, Кытайдагы товарлар бизден өтүп, Казакстан аркылуу Россияга барат. Россиянын жашоочулары товарды сатып алуучу жана колдонуучу болуп эсептелет. Ошондуктан сатып алуунун көлөмү азайды”, – деди Исабеков.

Бажы кызматынын төрагасы кошумчалагандай, 2022-жылы бажы кызматына берилген пландык тапшырма 98,5 млрд сомду түзөт. Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын жыйынтыгында бажы төлөмдөрдөн 59,1 млрд сом топтолду. Жыл аягына чейин 75 млрд сом чогултабыз деп жатабыз. Ал эми 2021-жылы жылдык план 48,4 млрд сом болсо, 46,9 млрд сомго аткарылган.

Связанный пост