Кытай Баткен облусунун тургундарына $100 миң өлчөмүндө гумжардам берет

 Кытай Баткен облусунун тургундарына $100 миң өлчөмүндө гумжардам берет

Күн мурун, 2-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

Жолугушууда кытай тарап кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштан жабыркаган Баткен облусунун тургундарына 100 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү гуманитардык жардамды берүү чечими жөнүндө билдирди.

Тараптар ошондой эле Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга болгон сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу маселелерин талкуулашты.

Связанный пост