Өлкөдө COVID-19га антителолордун бар-жогун изилдөөнүн 3-баскычы жүрүүдө

 Өлкөдө COVID-19га антителолордун бар-жогун изилдөөнүн 3-баскычы жүрүүдө

Кыргызстанда COVID-19га антителолордун бар-жогун изилдөөнүн 3-баскычы жүрүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, министрликтин 2022-жылы 10-октябрдагы №1199 “КР калкынын арасында COVID-19га карата калктын иммунитетин баалоо боюнча изилдөөнүн үчүнчү этабын өткөрүү жөнүндө” жана Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын жыргалчылыгын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы менен кызматташуунун алкагында 2022-жылдын 31-октябрынан 4-ноябрына чейин ар кандай курактагы топтордо калктын SARS-CoV-2 вирусуна каршы иммунитетин баалоо үчүн изилдөө жүргүзүлүүдө.

Изилдөө эпидемиянын жайылышын болжолдоо, инфекциядан кийинки иммундук жооптун узактыгын баалоо жана эмдөөнүн натыйжалуулугун баалоо, КР калкынын арасында коронавирустук инфекция менен күрөшүү боюнча чараларды иштеп чыгуу максатында жүргүзүлүүдө. Изилдөөгө 2021-жылдын июль айында изилдөөнүн биринчи баскычында текшерилген бардык 9469 адам кирген.

Белгиленгендей, 3-баскычтын башкы максаты COVID-19 инфекциясынан айыккандан кийинки иммундук жооптун туруктуулугун жана анын ар бир адамдагы динамикасын, ошондой эле эмделгендерде вакцинадан кийинки антителолорду аныктоо болуп саналат.

Үчүнчү этаптын маңызы: мурунку этаптарга катышкан бардык ыктыярчылардан венадан канды кайталап алуу.

Ар бир ыктыярчы COVID-19га антителолордун бар же жок экендиги же эмдөөдөн кийинки антителолордун деңгээли боюнча корутунду алат.

“Үчүнчү этапка катышуу толугу менен акысыз болот. Изилдөөнүн ушул бачкысына катышуу үчүн ар бир катышуучу республиканын бардык райондорундагы жана шаарларындагы кан алуу борборлоруна барып, 2022-жылдын 31-октябрынан 4-ноябрына чейинки саат 09:00 – 14:00 аралыгындагы өзүнө ыңгайлуу убакытты тандаса болот. Бул изилдөө КР ССМнын “Алдын алуучу медицина” ӨЭУ базасында россилякы медицина кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост