Садыр Жапаров Риши Сунакты Улуу Британиянын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады

 Садыр Жапаров Риши Сунакты Улуу Британиянын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Риши Сунакты Консерваторлор партиясынын жаңы лидери болуп шайланышы жана Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.

«Сиздин Улуу Британиянын Өкмөтүнүн башчысы кызматына киришүүңүз кыргыз-британ эки тараптуу кызматташтыгын жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарууга түрткү берет деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Риши Сунакка чың ден соолук жана бакубаттык, жогорку мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми Улуу Британия элине бейпилдик жана өнүгүү каалады.

Связанный пост