Эдил Байсалов Сокулуктагы орто мектептин филиалынын ачылыш аземине катышты

 Эдил Байсалов Сокулуктагы орто мектептин филиалынын ачылыш аземине катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чүй облусунун Сокулук районунун Конуш айылындагы Мамбеталы Жаныбаев атындагы орто мектептин филиалынын ачылыш аземине катышты.

Эдил Байсалов кызыл лентаны кесип жатып жаштардын сапаттуу билим алуусу баарынан маанилүү экендигин белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин бүгүнкү талабы – өлкөнүн келечеги саналган жаш муундар үчүн заманбап мектептерди куруу. Жаңы мектептердин баары тийиштүү жабдуулар, эмеректер жана инвентарлар менен камсыздалууда», – деди ал.

Ошондой эле Эдил Байсалов мугалим жана педагогдун кесибинин коомдогу кадыр-баркын жогорулатуунун зарылдыгын белгиледи, бул мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.

Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары үстүбүздөгү жылы мугалимдердин айлык акысы жогорулатылгандыгын кошумчалады.

Сокулук районунун Конуш айылындагы Мамбеталы Жаныбаев атындагы мектептин филиалы «Катар» кайрымдуулук фондунун каражатына курулган.

Связанный пост