Саясат

Кытай Баткен облусунун тургундарына $100 миң өлчөмүндө гумжардам берет

Күн мурун, 2-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Жолугушууда кытай тарап кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштан жабыркаган Баткен облусунун тургундарына 100 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү гуманитардык жардамды берүү чечими жөнүндө билдирди. Тараптар ошондой эле Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга болгон сапарынын […]Читать далее

Медицина

Өлкөдө COVID-19га антителолордун бар-жогун изилдөөнүн 3-баскычы жүрүүдө

Кыргызстанда COVID-19га антителолордун бар-жогун изилдөөнүн 3-баскычы жүрүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, министрликтин 2022-жылы 10-октябрдагы №1199 “КР калкынын арасында COVID-19га карата калктын иммунитетин баалоо боюнча изилдөөнүн үчүнчү этабын өткөрүү жөнүндө” жана Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын жыргалчылыгын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы менен кызматташуунун алкагында 2022-жылдын 31-октябрынан 4-ноябрына чейин ар кандай курактагы […]Читать далее

Саясат

Депутат Улугбек Ормонов Ереван шаарында ЖККУ ПАнын жыйынына катышты

Кечээ, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов Ереван шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди. Иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин КМШ ПАА жана ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатывалдиев да катышты. Жыйындын жүрүшүндө ЖККУга мүчө-мамлекеттердин депутаттары уюмдун […]Читать далее

Саясат

Акылбек Жапаров кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык комиссиясын жетектеди

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин алкагында кеңейтилген форматта жолугушуу өткөрүштү. Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, мындай форматтагы жолугушуулар кыргыз-россия күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди илгерилетүүгө, ошондой эле жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашырууга кошумча түрткү […]Читать далее

Коом

2023-жылы Ноокат токой чарбасынын аймагына 90 гектар көчөт отургузулат

Токойлорду сактоо жана коруу, пайдаланууну жөнгө салуу максатында үстүбүздөгү жылы Ноокат токой чарбасынын 25 гектар аянтына көчөт отургузулса, 2023-жылы 90 гектарга көчөт отургузуу пландалууда. Бүгүнкү күндө токой чарбада 500 даана кайың жана 500 даана ийне жалбыратуу көчөттөрдү отургузуу иштери кызуу жүрүүдө. Ошондой эле, Ноокат токой чарбасынын аймагында арча дарактарын көбөйтүү максатында 50 кг арча үрөнү […]Читать далее

Маданият

Бүгүн маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Майрамдын урматына Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында майрамдык иш-чара уюштурулуп, ага мурдагы маданият министрлери, эл артисттер, ошондой эле маданияттын ар тармагында (билим берүү берүү, оюн-зоок мекемелеринде, маданият клубдарда, массалык маалымат кызматтарында, театр, музей, китепкана) эмгектенген кызматкерлер чакырылды. Маданият кызматкерлерине жана өнөрпоздорго мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек […]Читать далее

Коом

Жалал-Абадда Хизбут Тахрир партиясынын активдүү мүчөлөрү болгон чет өлкөнүн жарандары

Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында чет өлкөнүн жарандары Кыргыз Республикасынын аймагында экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу жана жайылтуу иштерин активдүү жүргүзүп жатышат деген маалымат алынган. Алынган маалыматтар Жалал-Абад ОИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын КЖКнин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш иштеринин негизинде берилген тергөө тапшырмасы боюнча ыкчам […]Читать далее

Коом

Чүйдө браконьерлер кармалды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин мамлекеттик инспекторлору тарабынан рейдтик иш чаралардын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук районундагы Чоң Чүй каналында синтетикалык тор менен мыйзамсыз балык уулоо жүргүзүп жаткан жарандар кармалышты. Текшерүү учурунда 700 метр синтетикалык балык уулоочу тор табылган. Инспекторлор тарабынан Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 267-беренесине ылайык протоколдор түзүлүп, тартип бузгандардын ар бирине 5 500 сомдон […]Читать далее

Коом

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы тогуз айда 271 миң жүргүнчү

“Кыргыз темир жолу” УК” МИнин ишинин маанилүү багыттарынын бири болуп, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча калктын керектөөлөрүн канааттандыруу болуп саналат. 2022-жылдын 9 ай ичинде жалпысынан 271 461 жүргүнчү ташылган, анын ичинен 73 851 жүргүнчү – эл аралык каттамдар менен, 197 610 жүргүнчү – ички каттамдар менен ташылган. Эл аралык каттамдар ушул жылдын 6-июнунан тарта кайрадан жанданып, июнь […]Читать далее

Коом

9-ноябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

 2022-жылдын 9-ноябрында Бишкек шаарынынтүштүк-батыш бөлүгүнө ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт. Маалыматка ылайык, шаршембиде саат 09:00дөн 20:00гө чейин Ахунбаев көчөсү, Ш. Руставели, Бакаев көчөлөрү, Грибоедов, Ажыбек-Баатыр көчөлөрү чектешкен аймакта суу өчүрүлөт. Тактап айтканда төмөнкү даректерде суу болбойт: Ч.Айтматов проспкктиси -95/1, 96/1. Жунусалиев көчөсү – 6,78, 80, 82, 82А, 82/1, 84, 84А, 183, […]Читать далее