Коом

Бишкекте бак-дарактарды сугаруу иштери башталды

Бүгүн таң эртеден тартып “Транзит” жогорку каналынан  Скрябин көчөсүнөн  Жибек-Жолу проспектисине чейин Биринчи май районунун аймагына сугат суусу берилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Сугат суусунун агымы Совет жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн аянтын, ошондой эле Эркиндик бульварын толугу менен камтыйт. Суу агымынын көлөмү секундасына 200 литрди түзөт. Сугаруу ишин  «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы […]Читать далее

Коом

Баткен шаарынын 2000дей тургуну таза суу менен камсыз болду

Баткен шаарынын Чет-булак, Туура-Таш участкаларынын жана Самат Садыков көчөсүнүн жашоочуларына ичүүчү суу берилди. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Таза суу обьектисинен КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кабар алды. Жер астынан суу тартып чыгаруу жумуштарын аткарууга шаардык мэрия 2 млн каражат ажыраткан болсо, 1млн […]Читать далее

Коом

Ош: Таза суу менен камсыз кылуу боюнча бир катар долбоорлор

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, жаан-чачын учурунда калаа тургундарын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Иштин биринчи этабында Данги участкасында Төлөйкөн айылындагы Кодокочун каналынан баштап Озгур айылындагы “Ошшаарсууканал” ишканасынын суу тосмосуна чейинки аралыкка жалпы узундугу 475 метр, диаметри 1000 мм […]Читать далее

Эл аралык мамилелер

Ош шаары Улуу Британиянын шаарлары менен эки тараптуу байланыштарды өнүктүрөт

Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев менен Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Шарлотт Сурун жолугушту. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Жолугушууда тараптар ишкерлердин өз ара аракеттенүүсү, билим берүү системасын өнүктүрүү, ошондой эле аялдардын укуктарын коргоо, гендердик теңчилик боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. М.Исаев Ош шаарын […]Читать далее

Билим

Мектеп директорлорун тандоо-2023: Чүй облусунан 12 талапкер жеңүүчү аталды

КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн Чүй облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун жеңүүчүлөрү белгилүү болду. Тестирлөөгө жалпы 40 талапкер катышып, анын ичинен 15 адам (60%) босого балл же андан жогору алды. Жыйынтыгында 12 талапкер жеңүүчү […]Читать далее

Эл аралык мамилелер

Иран менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү $80 млн түзөт

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев Иран Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харази менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кфзматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Иран менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү учурда 80 миллион долларга жакын, бирок эки […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда 8 сайтта гана Купуялык саясаты мамлекеттик тилде жайгаштырылган

Кыргызстанда 203 веб-сайттын жана 59 мобилдик тиркеменин 8 сайтында гана Купуялык саясаты мамлекеттик тилде жайгаштырылат. Бул тууралуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик маалымдайт. Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик изилдөө жүргүзүп, Купуялык саясаты 203 сайттын 58инде жана 59 мобилдик тиркеменин 43үндө гана берилгенин аныктаган. Бир дагы мобилдик тиркемеде мамлекеттик тилде Купуялык саясаты болгон эмес. […]Читать далее

Коом

Бишкекте курулуш объектилерине рейд өткөрүлүүдө

Көрктөндүрүү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы менен биргеликте курулуш объектилеринде рейддердерди өткөрүүдө. Бул тууралуу баш калаанын мэриясынын пресс-борбору билдирди. Инспекция  көбүнчө дөңгөлөктөрүн топурактан тазалабай курулуш объектисинен айдап чыккан курулуш уюмдарынын оор жүк ташуучу унааларынын жол курулуштарынын бузулушуна жана жолдорду булгаганына байланыштуу мыйзам бузууларды каттап келет. Рейддин жүрүшүндө 20 компания […]Читать далее

Коом

Бишкектен Москвага туруктуу авиакаттамдардын саны көбөйүшү күтүлүүдө

«Манас эл аралык аэропорту» ААКнун маалыматы боюнча, Бишкектен Москвага туруктуу авиакаттамдардын саны көбөйүшү күтүлүүдө. 2023-жылдын 30-апрелинен тарта ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек-Москва-Бишкек багыты боюнча туруктуу авиакаттамдарды ачууну пландаштырууда, натыйжада Бишкектен Москвага үзгүлтүксүз авиакаттамдардын саны көбөйөт. «Манас» аэропортунан Россиянын «Внуково» аэропортуна учуулар жумасына 2 жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарыла башташы күтүлүүдө.Читать далее

Экономика

Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 73,9 млрд сомду түздү

2023-жылдын I кварталында консолидацияланган бюджеттин кирешеси  109,7 %га аткарылды. Бул тууралуу КРнын Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маалыматы боюнча 2023-жылдын биринчи кварталы үчүн консолидацияланган бюджеттин ресурстары 119,7 млрд сомду түздү. 2022- жылы ушул мезгилге салыштырмалуу 28,8%га же 26,8 млрд сомго көбөйгөн. Консолидацияланган бюджеттик ресурстардын алкагында 2023-жылдын биринчи кварталында мамлекеттик […]Читать далее