Ош: Таза суу менен камсыз кылуу боюнча бир катар долбоорлор ишке ашырылууда

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, жаан-чачын учурунда калаа тургундарын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Иштин биринчи этабында Данги участкасында Төлөйкөн айылындагы Кодокочун каналынан баштап Озгур айылындагы “Ошшаарсууканал” ишканасынын суу тосмосуна чейинки аралыкка жалпы узундугу 475 метр, диаметри 1000 мм болгон суу түтүгү ашар ыкмасы менен тартылууда.
Экинчи этаптын алкагында ар бири 6000 м3 болгон 4 резервуарды куруу боюнча иш-чаралар пландаштырылган.
Ал эми үчүнчү этапта Азия өнүктүрүү банкынын долбооруна ылайык Папан суу сактагычынан суу түтүгүн тартуу иштери каралган.
Мындан сырткары, мэр Бакытбек Жетигеновдун демилгеси менен шаардын ар кайсы кичи райондорунда эски иштебей калган скважиналарды калыбына келтирүү, жаңы скважиналарды бургулоо боюнча иш жүрүүдө. 12 скважина казылып бүтүп, толук ишке киргизилсе суткасына 25 миң кубометр таза суу чыгара алат.
Ошондой эле, Озгур айылынын Кызыл-Кыштак тилкесинде катуу жаан-чачын болгондо селди кармап туруучу бассейндер курулду.

Связанный пост