Бишкекте бак-дарактарды сугаруу иштери башталды

Бүгүн таң эртеден тартып “Транзит” жогорку каналынан  Скрябин көчөсүнөн  Жибек-Жолу проспектисине чейин Биринчи май районунун аймагына сугат суусу берилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Сугат суусунун агымы Совет жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн аянтын, ошондой эле Эркиндик бульварын толугу менен камтыйт. Суу агымынын көлөмү секундасына 200 литрди түзөт. Сугаруу ишин  «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы көзөмөл кылат.

Жакынкы убакта «Г-1» каналына Ала-Арча дарыясынан Ч.Айтматов проспектисине чейин, ВБЧК Байтик Баатыр көчөсүнөн Ала-Арча дарыясына чейин, ошондой эле Т.Молдо, Исанов, Логвиненко, Игембердиев, Фучик, Эркиндик бульвары, Киев, Чуйков көчөлөрүнүн боюндагы сугат тармактарына сугат суусун берүү пландалууда.

Ал эми жашыл аянттарга суу тоскоолдуксуз жетүүсү үчүн  «Бишкексуучарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери арыктарды тазалоодо.

Белгилей кетсек, Биринчи май районунда Орозбеков менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде,  Профсоюз көчөсүндө Кайназарова  П.Лумумба көчөлөрүнүн кесилишинде,   Фучик жана Ленская көчөлөрүнүн кесилишинде 3 скважина  жана Раззаков жана Түгөлбай Ата көчөлөрүнүн кесилишинде 1 суу алгыч иштейт.

Связанный пост