Кыргызстанда 8 сайтта гана Купуялык саясаты мамлекеттик тилде жайгаштырылган

Кыргызстанда 203 веб-сайттын жана 59 мобилдик тиркеменин 8 сайтында гана Купуялык саясаты мамлекеттик тилде жайгаштырылат. Бул тууралуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик маалымдайт.

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик изилдөө жүргүзүп, Купуялык саясаты 203 сайттын 58инде жана 59 мобилдик тиркеменин 43үндө гана берилгенин аныктаган.

Бир дагы мобилдик тиркемеде мамлекеттик тилде Купуялык саясаты болгон эмес.

5 учурда компаниялар өздөрүнүн купуялык саясатын башка өлкөлөрдүн (Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы) веб-сайттарынан көчүрүп алышкан. 1 мобилдик тиркемеде испан тилиндеги Купуялык саясаты бар.

Бул жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу болуп саналат.

Жарандар этият болушу керек: KG аймагындагы кээ бир мобилдик тиркемелер жайгашкан жерди, музыканы жана аудиону, сүрөттөрдү жана видеолорду гана сурабастан, микрофонго, байланыштарга жана социалдык тармактарга кирүүгө уруксатты талап кылат.

Эскерте кетсек, “Изилдөө” 2022-жылдын 15-декабрынан 2023-жылдын 26-январына чейин жүргүзүлгөн.

Связанный пост