Баткен шаарынын 2000дей тургуну таза суу менен камсыз болду
Баткен шаарынын Чет-булак, Туура-Таш участкаларынын жана Самат Садыков көчөсүнүн жашоочуларына ичүүчү суу берилди. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Таза суу обьектисинен КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кабар алды.
Жер астынан суу тартып чыгаруу жумуштарын аткарууга шаардык мэрия 2 млн каражат ажыраткан болсо, 1млн 500миң сомго жумуш аткарылган. Натыйжада 80 метр тереңдиктен суу чыгарылды.
Азырынча таза суу көчөдөгү суу түтүктөрүнө берилүүдө. Алдыда ар бир үйгө таза суу киргизүү жумуштарын шаардык “Таза суу” ишканасы “Дүйнөлүк Эмират” кайрымдуулук уюму менен бирге ишке ашырат.
Облус башчысы мындай иш аракетти суу жетпеген башка аймактарда да колго алуу зарылдыгын белгиледи.
Суунун сапатына Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан лабороториялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, талапка ылайык деп аныкталган.