Билим Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы бир катар билим берүү мекемелерине

Бүгүн, 11-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы бир катар билим берүү мекемелеринен кабар алды. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти. Алгач Төрага депутат Дастанбек Бекешевдин, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин, ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун коштоосунда Көк-Жар конушунда жайгашкан №103 Низами […]Читать далее

Өкмөт Экономика

Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча Вице-президенти менен

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Вашингтон шаарына (Америка Кошмо Штаттары) болгон иш сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча Вице-президенти Мамта Мурти менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында экономика, банк, билим берүү жана социалдык өнүктүрүү жана санариптештирүү тармактарында учурдагы жана пландалып жаткан долбоорлордун абалын талкуулашты. […]Читать далее

Билим

Баткен, Ош облустарында балдар арасында укук бузуулардын алдын алуу маселелери

2023-жылдын 10-11-апрелинде Ош шаарында жана Баткен, Ош облустарында балдар арасында укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча жолугушуулар өттү. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга билим берүү жана илим министрлигинин Тарбия иштери боюнча секторунун жетектөөчү адиси Индира Токонова, КР Президентинин Баткен, Ош облустарындагы өкүлдөрүнүн орун басарлары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын […]Читать далее

Коом

Өлкөдө айыл чарба малдарды идентификациялоо уланууда

Өлкөдө айыл чарба малдарды идентификациялоо уланууда. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба министрлигинин сайтында маалымдалды. 2023– жылдын I – кварталына карата республика боюнча 143,5 миң баш ири мүйүздүү мал, 0,8 миң баш чочко, 542,1 миң баш жылкы идентификациядан өтүп, жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына каттоого алынууда. Мурун асыл-тукум кой-эчки чарбаларын идентификациядан өткөрүп келген болсок, 2023–жылы республика […]Читать далее

Экономика

“Кыргызиндустрия” ААКнын долбоорлору Москвадагы экономикалык форумда презентацияланды

“Кыргызиндустрия” ААКнын делегациясы 2023-жылдын 4-6-апрелинде “Жаңы дүйнө. Жаңы индустриализация” деген темада Россиянын Москва шаарында өткөн Жетинчи экономикалык форумга катышып келишти. Делегаттар бул иш-чаранын алкагында: жаңы индустриализациянын өнүгүүсү, көп уюлдуу дүйнөнүн шартында экономикалык байланыштарды түзүү боюнча маселелерди талкуулашты. Иш-чаранын уюштуруучулары талкууга ЕАЭБ шартында эл аралык экономикалык байланыштар жана экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү боюнча маселелерди коюшту. “Кыргызиндустрия” […]Читать далее

Коом

Кант-Ивановка перегонунда шпалдарды толук алмаштыруу иштери уланууда

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант-Ивановка перегонунда эскилиги жеткен жыгач шпалдарды темир-бетон шпалдарга толук алмаштыруу боюнча жолду күчөтүлгөн орточо оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу “Кыргыз темил жол” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Жалпысынан 4 чакырым алмаштырылат, 2 чакырымда жумуштар бүткөн. Бул аптада жумуштун 75% бүтөт. Жумушка 100дөн ашык жумушчу жана 3 инженердик техника тартылган. Иш-чара […]Читать далее

Коом

Ош шаарында мэриянын жана ПРООНдун колдоосу менен жаңы жаштар борбору

Бүгүн, 11-апрелде Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал менен жолугушту. Жолугушууда тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууну талкуулашты. Өз сөзүндө М.Исаев мэрдин жана жалпы шаар тургундарынын атынан ар кандай долбоорлорду жүзөгө ашырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле ушул жылы бекитилген Ош шаарынын 2023-2026-жылдарга […]Читать далее

Коом

Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөндөр үчүн салыктык каттоо жол-жобосу

Бишкек шаарынын ишкерлерин тейлөө борборунда “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашыруунун алкагында ведомстволор аралык жумушчу топ кезектеги жыйын өткөрдү жана жеке ишкерлерди салыктык каттоо жол-жоболору менен таанышты. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.  Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери иш жүзүндө сарпталган убакытты эске алуу менен арыз берүүдөн баштап тиешелүү документтерди алганга чейин жеке жакты жеке ишкер катары салыктык каттоо боюнча бардык процессин […]Читать далее

Коом

Жалал-Абад облусунда 11 күндөн бери куткаруучулар өспүрүмдү издешүүдө

Куткаруучулар өспүрүмдү издөө иштерин улантууда. КРнын ӨКМнин пресс-борборунан билдиришти. Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр а/а Ак-Булак айылынын тургуну, 14 жаштагы М.Ф. аттуу өспүрүмдү издөө иштери бүгүн да уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин РӨКОнун №2 ӨКИОдон 5 куткаруучу, Базар-Коргон райондук №78 ӨКБдан 6 куткаруучу тартып, үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон өсүпрүмдү Ак-Булак тилкесинен издешүүдө. Белгилей […]Читать далее

Коом

Жыл башынан бери Бишкекте 1,7 миң окуучу кесиптик багыт алуу

Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча Бишкек башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын башынан бери 1,7 миңге жакын 9-класстын окуучулары 25 Борбордук мектепте кесиптик багыт алуу боюнча тестирлөөдөн өтүштү. Тестирлөө комиссиянын “ишке орноштурууга жана кесиптик окутууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын базасында ачылган кесиптик багыт берүү борборунда өткөрүлөт. Тестирлөө келечекте кайсы […]Читать далее