“Кыргызиндустрия” ААКнын долбоорлору Москвадагы экономикалык форумда презентацияланды

 “Кыргызиндустрия” ААКнын долбоорлору Москвадагы экономикалык форумда презентацияланды

“Кыргызиндустрия” ААКнын делегациясы 2023-жылдын 4-6-апрелинде “Жаңы дүйнө. Жаңы индустриализация” деген темада Россиянын Москва шаарында өткөн Жетинчи экономикалык форумга катышып келишти.

Делегаттар бул иш-чаранын алкагында: жаңы индустриализациянын өнүгүүсү, көп уюлдуу дүйнөнүн шартында экономикалык байланыштарды түзүү боюнча маселелерди талкуулашты. Иш-чаранын уюштуруучулары талкууга ЕАЭБ шартында эл аралык экономикалык байланыштар жана экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү боюнча маселелерди коюшту.

“Кыргызиндустрия” ААКнын өкүлдөрү форумдун катышуучуларына Коомдун иши, анын өндүрүш секторун модернизациялоо жана диверсификациялоо багытындагы негизги максаттары жана милдеттери, республиканын экономикасында жалпысынан активдүү өсүш болжолдонуп жатканы, иштин биринчи жылында 52 туунду компания түзүлгөнү жөнүндө айтып беришти. Долбоорлор өнөр жайдын тамак-аш, курулуш, жеңил өнөр жай, энергетика, кен казуу, транспорт-логистика сыяктуу ар түрдүү тармактарында жана багыттарда ишке ашырылып жатат.

“Кыргызиндустрия” ААКнын делегаттары ЕАЭБдин алкагында болуп жаткан кооперациялык потенциалды жана жаңырып жаткан дүйнөдөгү индустриализация жолдорун белгилешти.

Связанный пост