“ЭлТР” каналы менен Түштүк Кореянын кыргызстандагы элчилиги жаңы корей мультфильмдеринин көрсөтүүсү боюнча келишимге кол коюшту. Каналдын башкы директору Эрлан Догдурбеков Түштүк Кореянын Элчиси Ли Вондже менен жолугушуу учурунда эки тарапка пайдалуу сунуштар айтылды. Башкы максат – эки өлкөнүн теле кызматкерлеринин тажрыйба алмашуусу, Кореянын маданиятын чагылдырган тасма тартуу керектигин белгиленди. Мындан тышкары, Элчи Ли Вондже телеканал […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 11-апрель күнү саат 23:08де өлкө аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында – 3,5 балл, Чоң-Кызыл-Суу айылында – 3 балл, Ак-Суу районунун Подгорный, Теплоключенка айылдарында, Каракол шаарында – 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар […]Читать далее
Ак-Ордо-3 конушунда жер чырынан улам үйү түрттүрүлүп, балдары менен көчөдө калган жаш келин тууралуу видео буга чейин интернет желесинде тараган. Ал күндүн эртеси жерине бир топ жарандар чогулуп, үйсүз калган келинге боз үй тигип беришкен. Ошондой эле президент Садыр Жапаров 5-мартта Ак-Ордо конушуна пландан тышкары барып, балдары менен барар жери жок калган үй-бүлө менен жолуккан. […]Читать далее
Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл-Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери, Жумгал РИИБнүн кызматкерлери менен биргеликте браконьерлик фактысын катташты. Өткөн аптада Жумгал районунун Кабак айылынын Дүңгүрөмө участогунан “Тойота Ленд Крузер” үлгүсүндөгү авто унаа токтотулуп, кароо жүргүзгөн учурда мыйзамсыз олжолонгон 1 жапайы тоо эчки жана 2 даана сайлуу ок атуучу куралдар аныкталган. Жеринде […]Читать далее
Мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык система аркылуу 2023-жылдын 10-апрелинен 11-апрелине чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 11 миң 47 бала кабыл алынды. Анын ичинен 119 бала – жеңилдик менен, 10 миң 928 бала – жеңилдиксиз. Бишкек шаарына 2 миң 580 бала кабыл алынды. Жалал-Абад облусунан – 1 миң 748 бала. Чүй […]Читать далее
Баткенде 243 үй-бүлөгө 100миң сомдон социалдык жардам тапшырылды. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөк пул алуучу үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүү долбоорунун алкагында,бүгүн 11-апрелде Баткен районунун жана Баткен шаарынын 243 үй-бүлөсүнө 100миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Мамлекеттик бул долбоордун максаты,аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан […]Читать далее
Баткенде кыргыз-өзбек ишкерлеринин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн 11-апрелде Баткен облусунун Кадамжай шаарында Өзбек Республикасынын Фергана облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ишкерлери менен Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ишкерлери ортосунда жолугушуу өтүүдө. Иш чараны Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун […]Читать далее
Ош шаарына муниципалдык кызматтарды санариптештирүү жаатында эстониялык эксперттер келишти. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Бүгүн, 11-апрелде Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев Таллин (Эстония) шаарынын мэриясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда тараптар санариптештирүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты. Мында ар бир тарап презентация форматында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды санариптештирүү, санариптик системаларды […]Читать далее
Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, катуу бороондон улам жолдо кар күрткүсү пайда болду. Жеринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №960 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатышат. Тазалоо иштери 214-227-чакырым аралыгында жүрүүдө. Бороон басылаар менен жолдогу абал калыбына келтирип, бардык тарапка каттам […]Читать далее
Өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен Баткен районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу КРнын УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Баткен РИИБ менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында 35 миң АКШ доллары (3 059 700 сом) өлчөмүндөгү акча каражатын берип […]Читать далее