Ысык-Көл облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган

 Ысык-Көл облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 11-апрель күнү саат 23:08де өлкө аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында – 3,5 балл, Чоң-Кызыл-Суу айылында – 3 балл, Ак-Суу районунун Подгорный, Теплоключенка айылдарында, Каракол шаарында – 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Связанный пост