Нарын шаарынын ички көчөлөрү оңдолууда. КРнын Транспорт жана коммуникация минитрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №8 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери калаанын Ак-Мөөр (420 м), М.Баетов (250м), Чоробаев (350м) жана Муканбет уулу Улан (350м) көчөлөрүндөгү эски асфальт катмарын сыйрып, жаңы асфальт төшөөгө даярдап жатышат. Ал эми Нарын шаарынын Ж.Алаев атындагы көчөсүнө (264м) […]Читать далее
Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун Тамчы участкасында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда № 26 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана жерине тартылган атайын техникалар жолду кардан тазалап жатышат. Көчкүнүн көлөмү 1750м3ду түзөт. Жакынкы сааттарда кар көчкү тазаланып, каттам үчүн жол ачылат. Кырдаалга жараша кошумча маалымат […]Читать далее
Токтогул паркы реконструкцияланып жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди. Быйыл, 2023-жылы Жалал-Абад шаарындагы Т.Сатылганов атындагы парк реконструкциядан өткөрүлөт. Анын алкагында эс алуу багында жарыктандыруу, тротуарлар, отургучтар толугу менен жаңыланып, көрктөндүрүү иши жүргүзүлөт. Ошондой эле, парктагы оргума (фонтан) оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Паркты реконструкциялоого 23 млн. 8313 сом сарпталат. Курулуш Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын кеңешинин кеңейтилген жыйынына катышты. Жыйындын жүрүшүндө профсоюздардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, ар кандай профсоюздук долбоорлорду ишке ашыруу, өткөн жылы түзүлгөн үч тараптуу макулдашууну ишке ашыруу, Эмгек кодексинин жаңы долбоорун иштеп чыгуу, эмгекти коргоо боюнча мыйзамдык жана административдик чараларды күчөтүү боюнча пикир алмашуу болду. Эдил Байсалов профсоюздардын өзгөчө […]Читать далее
Жакынкы арада Кыргызстанга Германиянын бизнес-делегациянын келиши күтүлүүдө
Палатанын президенти жетектеген КР СӨП делегациясы жумушчу визит менен Германияда жүрөт. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин Борбордук Азия боюнча аймактык директорунун кеңсесине барып, ал жерден башчы Эдуард Киндсбрунер менен жолугушту. Жолугушууга Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев да катышты. Тараптар экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, ошондой эле кыргыз-герман форумун өткөрүү тууралуу […]Читать далее
Бүгүн, 12-апрелде Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев жана мэрдин орун басары Нурбек Кадыров Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Өз сөзүндө М.Исаев эки тараптуу мамилелердин жемиштүү өнүгүп жатканын белгилеп, ошондой эле социалдык-экономикалык, соода-өндүрүштүк, туризм жана башка […]Читать далее
Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун Жазгы жолугушууларынын алкагында (Вашингтон, Америка Кошмо Штаттары) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк тобунун Европа жана Борбор Азия боюнча Вице-президенти Антонелла Бассани менен жолукту. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар энергетика, адам ресурстары, ичүүчү суу менен камсыз кылуу, ирригация сыяктуу өз ара […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде – Эл аралык космонавтика күнүндө россиялык сыноочу-космонавт Сергей Корсаков менен жолугушту. Сергей Корсаков 1984-жылы Фрунзе шаарында туулган, борбор калаадагы №24 А.Токомбаев атындагы мектепте окуган. Ал убагында «Союз МС-21» космос кораблинин бортунан кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен, бишкектиктерди Шаар күнү менен куттуктаган. Мамлекет башчысы Сергей Корсаковду жылуу тосуп алып, кесиптик […]Читать далее
“Калыс-Ордо” конушунда 140 орундуу 7 топко ыңгайлаштырылган бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Иштин жүрүшү менен Биринчи май акимиатынын аппарат жетекчиси Медет Кубатбеков таанышты. Мектепке чейинки мекеменин аянты – 1 390 чарчы метр, жалпы аянты – 0,68 га. Долбоор боюнча имаратта уктоочу бөлмөлөр, оюн – зоок бөлмөлөрү, буфет, ашкана, уктоочу бөлмөлөр, […]Читать далее
Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу КРнын ТжКМнин басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, кечээ, 11-апрелде аталган жолдо катуу бороондон улам кар күрткүсү пайда болуп, жол убактылуу жабылган. Жерине Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №960 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар тартылып, бир тараптуу каттам берилген. Тазалоо иштери 214-227-чакырым аралыгында жүрүп, түнкү […]Читать далее