Минкаб Төрагасы: Кыргызстан ар кандай тышкы таасирлерге карабастан, экономикалык өсүүнү сактап кала алды

Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун Жазгы жолугушууларынын алкагында (Вашингтон, Америка Кошмо Штаттары) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк тобунун Европа жана Борбор Азия боюнча Вице-президенти Антонелла Бассани менен жолукту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар энергетика, адам ресурстары, ичүүчү суу менен камсыз кылуу, ирригация сыяктуу өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулашты жана 2027-жылга чейин Дүйнөлүк банк менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташуунун негизги багыттары боюнча бирдиктүү пикирге келишти.

МинКаб Башчысы белгилегендей, Кыргыз Республикасы ар кандай тышкы таасирлерге карабастан, экономикалык өсүүнү сактап кала алды жана масштабдуу өнүгүүнүн милдеттерин чече алды.

“Биз кызматташуунун жаңы деңгээлине даярбыз, ири долбоорлорго өтүүгө убакыт келди”, – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Өз кезегинде Антонелла Бассани Дүйнөлүк банктын ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация системасын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Жол картасын жана каржылык планын иштеп чыгууда колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди ошондой эле, жакын арада Кыргыз Республикасында өтө турган Суу форумуна катышуу пландарына токтолду.

Жыйындын соңунда МинКаб Төрагасы тышкы карызды жашыл жана климаттык демилгелерге айландыруу механизмин иштеп чыгууну сунуштады.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын Вице-президенти киргизилген демилгенин маанилүүлүгүн жана масштабын белгилеп, аны кылдаттык менен изилдөөгө даяр экендигин билдирди.

Связанный пост