“Калыс-Ордо” конушунда бала бакчанын курулушу башталды

“Калыс-Ордо” конушунда 140 орундуу 7 топко ыңгайлаштырылган бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Иштин жүрүшү менен Биринчи май акимиатынын аппарат жетекчиси Медет Кубатбеков таанышты.

Мектепке чейинки мекеменин аянты – 1 390 чарчы метр,  жалпы аянты – 0,68 га.

Долбоор боюнча имаратта уктоочу бөлмөлөр, оюн – зоок бөлмөлөрү, буфет, ашкана, уктоочу бөлмөлөр, жуунуч бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал, кампалар жана техникалык жайлар жайгашкан.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы “Арай” подрядчы компаниясын аныктады.

Курулушка каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Связанный пост