Жакынкы арада Кыргызстанга Германиянын бизнес-делегациянын келиши күтүлүүдө

Палатанын президенти жетектеген КР СӨП делегациясы жумушчу визит менен Германияда жүрөт.

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин Борбордук Азия боюнча аймактык директорунун кеңсесине барып, ал жерден башчы Эдуард Киндсбрунер менен жолугушту.

Жолугушууга Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев да катышты. Тараптар экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, ошондой эле кыргыз-герман форумун өткөрүү тууралуу айтып беришти.

“Мен германия тарапка жана Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевге жолугушууну уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Германия менен кызматташуу жаңы деңгээлге чыгууда. Биз экономикалык компонентти өнүктүрүшүбүз керек. Мындай жолугушуулар бизнес менен өз ара аракеттешүүгө түрткү берет”, – деп белгиледи Темир Сариев.

Жакынкы арада Кыргызстанга Германиядан келген бизнес-делегациянын сапары күтүлүүдө. Немис ишкерлери айыл чарба тармагына кызыгышат. Акыркы жылдары Германияга кара өрүк жана жаңгак экспорттолууда. Ошондой эле Германия рыногуна чыгуу үчүн келечектүү болуп, мисалы, Кыргызстандын топоздорунун жүнү жана териси саналат. Биздин ишкерлер Германияда жыл сайын ар кандай эл аралык көргөзмөлөргө катышат: : «Зеленая неделя», «Biofach Nürnberg», «ITB Berlin», “Anuga”, «Bazaar Berlin» жана башкалар.

Связанный пост