Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу убактылуу жабылды

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун Тамчы участкасында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда № 26 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана жерине тартылган атайын техникалар жолду кардан тазалап жатышат. Көчкүнүн көлөмү 1750м3ду түзөт.

Жакынкы сааттарда кар көчкү тазаланып, каттам үчүн жол ачылат. Кырдаалга жараша кошумча маалымат берилет.

Связанный пост