Жалал-Абадтагы Токтогул паркы реконструкцияланууда

Токтогул паркы реконструкцияланып жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди.

Быйыл, 2023-жылы Жалал-Абад шаарындагы Т.Сатылганов атындагы парк реконструкциядан өткөрүлөт. Анын алкагында эс алуу багында жарыктандыруу, тротуарлар, отургучтар толугу менен жаңыланып, көрктөндүрүү иши жүргүзүлөт. Ошондой эле, парктагы оргума (фонтан) оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

Паркты реконструкциялоого 23 млн. 8313 сом сарпталат. Курулуш Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда.

Учурда паркты оңдоп-түзөө иштери башталды.

Белгилей кетсек, аталган парк 1960-жылдары негизделген. Андан бери ар кайсыл бөлүгүндө оңдоп-түзөө, брусчатка басуу жана асфальт төшөө сыяктуу иштер жүргүзүлгөн. Ал эми толук реконструкциялоо иши жүргөн эмес.

Связанный пост