Эдил Байсалов: Профсоюздар жарандык коомдун массалык күчү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын кеңешинин кеңейтилген жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө профсоюздардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, ар кандай профсоюздук долбоорлорду ишке ашыруу, өткөн жылы түзүлгөн үч тараптуу макулдашууну ишке ашыруу, Эмгек кодексинин жаңы долбоорун иштеп чыгуу, эмгекти коргоо боюнча мыйзамдык жана административдик чараларды күчөтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Эдил Байсалов профсоюздардын өзгөчө ролун белгилеп, аларды “жарандык коомдун массалык күчү” деп атады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары катышуучуларды эмгек укуктарын коргоодо, өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоодо жана аң-сезимин жогорулатууда активдүү позицияны карманууга чакырды.

Жыйындын жыйынтыгында Кеңеш жумушчулардын социалдык жактан корголушун жана бакубаттуулугун камсыз кылуу үчүн кесиптик бирликтер менен мамлекеттик органдардын ортосунда кызматташтыкты күчөтүү, ошондой эле жарандардын жашоо сапатын жана эмгек шарттарын жакшыртууга багытталган талкууланган демилгелерди жана иш-чараларды ишке ашырууну баштоо чечимин кабыл алды.

1-Май эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнүнүн алдында жыйындын катышуучулары профсоюздук кыймыл жана бардык эмгекчилер үчүн өткөрүлүүчү майрамдын маанисин баса белгилешип, бул майрамга арналган иш-чараларды тийиштүү уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү зарыл экендигин белгилешти.

Связанный пост