Өкмөт Эл аралык мамилелер

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Сауд өнүктүрүү фондунун Аткаруучу директору Султан

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Сауд Аравия Королдугунун Сауд өнүктүрүү фондунун Аткаруучу директору Султан Аль-Маршад менен жолукту. Жолугушууда тараптар муктаж болгон жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууга багытталган турак жай программасын жана социалдык миссияны ишке ашыруу маселелерин, ошондой эле, алдыда кол коюла турган документтерди практикалык ишке […]Читать далее

Эл аралык мамилелер

Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы соода жүгүртүү былтыр эки эсеге көбөйдү

КР Финансы министри А.Бакетаев менен Австрия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Вилли Кемпел мырзанын жолугушуусу болуп өттү. Финансы министри А.Бакетаев Вилли Кемпелге жана Австрия Республикасынын Өкмөтүнө Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү жана эки тараптуу кызматташтыктын тажрыйба алмашуусу үчүн ыраазычылык билдирди. Кыргызстан үчүн гидроэнергетика, айыл чарба өнөр жай, медицина жана инфраструктураны жакшыртуу жаатындагы технологиялар абдан  маанилүү экени баса белгиленди. […]Читать далее

Коом

Дин башкармалыгы болочок ажыларды эмдөөдөн өтүүгө чакырды

Болочок ажылар менингит жана мезгилдик гриппке каршы эмдөөдөн 8-майга чейин өтүшү керек. Бул тууралуу Кыргызстан Дин башкармалыгынан билдиришти. 2023-жылы ажылык сапарына баруучу талапкерлер Кыргызстан боюнча Ажыларды эмдөөчү вакцинанын түрү, 4 компоненттүү менингитке каршы вакцина “ACYW 135” жана мезгилдик гриппке каршы “Гриппол” эмдөөсүнөн (вакцинация, иммунизация) үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинен 8-майга чейин өтүшү кажет.Читать далее

Маданият

“Салттуу музыка жумалыгы” Ош шаарында уланууда 

Бүгүн, 24- апрелде “Салттуу музыка жумалыгы” Ош шаарында, Ош мамлекеттик университетинде өтүп жатат. Тактап айтканда “Салттуу музыка жумалыгынын” алкагында ОшМУда “Салттуу маданият жана искусство: сактоо, окутуу жана изилдөө маселелери” аталышындагы илимий –практикалык конференция өтүүдө. Ага кыргыз маданиятынын көрүнүктүү өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын эл артисттери Түгөлбай Казаков, Самара Токтакунова, Табылды Актанов, Роза Аманова, Зайнидин Иманалиев, Жолболду Алыбаев, […]Читать далее

Аймак Билим

Баткендин чек арадагы айылында 225 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Чоң-Талаа айылында 225 орундуу Чоң-Талаа орто мектебинин курулушу башталды. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Мектептин курулушуна капсула салуу аземине КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев, Президенттин чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча […]Читать далее

Коом

Билим берүү уюмдарында коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын, билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана административдик кызматкерлеринин коопсуздугуна коркунуч көбөйгөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын бардык билим берүү уюмдарында коопсуздук чараларын күчөтүү максатында буйрук чыгарды.   Буйрукка ылайык, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү уюмдардын, жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын […]Читать далее

Укук тартиби

Ош окуяларынын уюштуруучуларынын бири катары издөөдө болгон Караматхон Абдуллаева кармалды

Ош окуяларынын уюштуруучуларынын бири катары издөөдө болгон Караматхон Абдуллаева кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин биргелешкен ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында, 22-апрелде мурда издөөдө жүргөн Караматхон Абдуллаева кармалды. Сырттан соттолгон К.Абдуллаева Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. К.Абдуллаева 2010-жылдагы […]Читать далее

Укук тартиби

Пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун

КР УКМК тарабынан жарандардын кайрылууларын кароонун алкагында Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. тарабынан каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн ортомчулар аркылуу 2000 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталган. Талаптар аткарылбаган учурда соттолуучуну белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга байланыштуу жаза чыгаруу менен коркуткан. КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү […]Читать далее

Президент Спорт

“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 1-мартында Президент Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле эл аралык спорт коомчулугунда Кыргыз Республикасынын аброюн бекемдеген жогорку спорттук жетишкендиктерге […]Читать далее

Коом

“Мыкты кыргыз Боз үйү” сынагы жарыяланат

Дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалынын алкагында “Мыкты кыргыз Боз үйү” сынагы жарыяланат. Сынак Боз үй жасаган улуу муундагы чеберлерден кийинки өсүп келе жаткан муундар үчүн салттуу өнөрчүлүк мектебин калыптандыруу, өнүктүрүү жана сактоо, кол өнөрчүлүктүн казынасын байытуу, элдин күнүмдүк турмушунда унутта калып бара жаткан өнөрчүлүк технологиясын кайра жандандыруу, кол өнөрчүлүктүн сырларын таасын билген уздар менен […]Читать далее