Images

Коом Эл аралык мамилелер

Бишкектин мэри Индиянын Кыргызстандагы Элчиси менен жолугушту

Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Эмилбек Абдыкадыров Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Арун Кумар Чаттерджи менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Индия Республикасынын шаарлары менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн, атап айтканда, шаарлар аралык деңгээлде талкуулашты. Өз кезегинде мэр Бишкек шаарынын мэриясы менен Нью-Дели шаарынын муниципалитетинин ортосунда тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди.Читать далее

Экономика

Соода-өнөр жай палатасы Өзбекстанга “жашыл коридор” түзүү боюнча маселелерди чечет

КРнын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Кыргызстандагы сүт өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушту. Жыйында Өзбекстанга “жашыл коридор” түзүүдө тоскоолдуктарды алып салуу маселеси талкууланды. Кыргызстандык өндүрүшчүлөр продукциясын Өзбекстанга экспорттой баштамакчы. Ташкент коңшуларынын азык-түлүк жеткирүүсүнө абдан кызыкдар. Анткени, Өзбекстандын калкынын саны кескин өсүүдө жана алар тургундарды эң керектүү товарлар менен камсыздоонун алкагында сүт азыктарына муктаж. “Бирок экспортту ишке […]Читать далее

Коом

Бишкекте муниципалдык кызматкерлер үчүн кыргыз тилин окутуу курстары уюштурулууда

Муниципалдык кызматкерлер  үчүн “Кыргыз тилин үйрөнөбүз” жана “Иштиктүү кыргыз тили” деген аталыштагы окуу курстар уюштурулууда. Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү  орус тилдүү муниципалдык кызматкерлер  үчүн 3 айлык “Кыргыз тилин үйрөнөбүз” деген аталыштагы жана жалпы муниципалдык кызматчылар  үчүн иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча “Иштиктүү кыргыз тили” деген темада окуу курстарды өтүүдө. Ошондой эле […]Читать далее

Министрлер кабинети

Минкаб Төрагасы ЕТӨФ директорун кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун Долбоорлор блогунун аткаруучу директору Андрей Широковду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономика, айыл чарба, энергетика, транспорт жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташууну талкуулашты. Минкаб Төрагасы Акылбек Жапаров Андрей Широковго Кыргыз Республикасындагы ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу […]Читать далее

Министрлер кабинети Президент

Бүткүл дүйнөлүк таэквондо федерациясы ардактуу тогузунчу данды Президент Садыр Жапаровго

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бүткүл дүйнөлүк таэквондо федерациясынын президенти Чунг Вон Чону  кабыл алды. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташууну, ошондой эле спорттук медицинаны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Министрлер Кабинетинин Төрагасы таэквондо жаштарды эрктүүлүккө жана тартипке тарбиялоого, ошондой эле сергек жашоо образын жайылтууга багытталган […]Читать далее

Президент

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд мамлекеттик агенттик болуп кайра түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелери жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик болуп кайра түзүлөт. Бул чара мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин оптималдаштырууга жана […]Читать далее

Укук тартиби

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын экс-директору мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурду

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын экс-директору мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толугу менен толтурду. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 2023-жылдын 22-мартында КР УКМК кызматкерлери тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана жок кылуу, ошондой эле кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча “Тазалык” муниципалдык ишканасынын мурдагы директору Сарпашов Р.А. кармалган. Ошол […]Читать далее

Дүйнөдө Кырсык

Сауд Аравияда жабыркагандардын жана жаракат алгандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги маалымдайт, Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы Элчилигинин алдын ала маалыматы боюнча, учурда жабыркагандардын жана жаракат алгандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Аталган маселе Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө турат. Маалымат үчүн: Меккеге бараткан автобус Асир шаарындагы көпүрөгө кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен 20 адам каза болуп, 29 адам жаракат алган.Читать далее

Коом

Бишкекте жер алдына киргизилген таштанды  контейнерлер орнотулду

Бишкектин бир катар көчөлөрүнө жер алдына киргизилген таштанды контейнерлер орнотулду. Капкагы атайын жыт чыгарбоочу резина менен чапталган. Мындай контейнерден жалпы 20 даана. Алар шаардын төрт жерине коюлат: Разаков, Токтогул, Бөкөнбаев, Эркиндик көчөлөрундө. Эми таштандылар контейнерден ашып, тегереги чачылган көрүнүшкө бөгөт коюлат. Тазалыктын жумушчулары да бул ыкма алардын иштешине ыңгайлуу экенин айтышат. Мындай ыкмадагы таштанды чогултуу […]Читать далее

Аймак

“Жалал-Абад” санаториясынан жеке менчикке берилип кеткен объектилер боюнча депутаттык комиссия

Бүгүн, 28-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов, Аида Исатбек кызы, Нулифар Алимжанова, Замирбек Мамасыдыковдор Жалал-Абад шаардык мэриясында жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди. Жыйынга Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, укук коргоо органдарынын кызматкерлер катышты. Жыйында Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия […]Читать далее