Бишкекте жер алдына киргизилген таштанды  контейнерлер орнотулду

 Бишкекте жер алдына киргизилген таштанды  контейнерлер орнотулду

Бишкектин бир катар көчөлөрүнө жер алдына киргизилген таштанды контейнерлер орнотулду. Капкагы атайын жыт чыгарбоочу резина менен чапталган. Мындай контейнерден жалпы 20 даана. Алар шаардын төрт жерине коюлат: Разаков, Токтогул, Бөкөнбаев, Эркиндик көчөлөрундө.

Эми таштандылар контейнерден ашып, тегереги чачылган көрүнүшкө бөгөт коюлат. Тазалыктын жумушчулары да бул ыкма алардын иштешине ыңгайлуу экенин айтышат.

Мындай ыкмадагы таштанды чогултуу Түркияда жана Европа мамлекеттеринде колдонулат. Кыргызстан дагы таштандыны жер алдына сактоо долбоорун Туркия менен биргелешип ишке ашырды.

Долбоор азыранча пилоттук негизде иштеп баштады. Оң натыйжа берсе, таштандыларды сорттоп салуучу контейнерлер да орнотулат.

Связанный пост