Соода-өнөр жай палатасы Өзбекстанга “жашыл коридор” түзүү боюнча маселелерди чечет

 Соода-өнөр жай палатасы Өзбекстанга “жашыл коридор” түзүү боюнча маселелерди чечет
КРнын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Кыргызстандагы сүт өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушту. Жыйында Өзбекстанга “жашыл коридор” түзүүдө тоскоолдуктарды алып салуу маселеси талкууланды. Кыргызстандык өндүрүшчүлөр продукциясын Өзбекстанга экспорттой баштамакчы. Ташкент коңшуларынын азык-түлүк жеткирүүсүнө абдан кызыкдар. Анткени, Өзбекстандын калкынын саны кескин өсүүдө жана алар тургундарды эң керектүү товарлар менен камсыздоонун алкагында сүт азыктарына муктаж.
“Бирок экспортту ишке ашырууда көйгөй бар – бул тез бузулуучу продукт. Ал чек ара жана бажы көзөмөлүнөн өткөндө токтоосуз жеткирүүнү талап кылат. Ошол эле учурда өзбек кесиптештери коопсуздукту тастыктаган сертификаты бар ветеринардык лаборатория ачууга тийиш. Ал эми продукцияны кайра анализдөө да убакыттын кечиктирилишин шарттайт. Дал ушундай маселе Казакстанда да бар, аларды экспорттоо үчүн дагы “жашыл коридорду” жаңыртуу керек”,- дешет сүт өндүрүүчүлөр.
Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси жакынкы аралыкта Соода-өнөр жай палатасынын делегациясы Өзбекстанга иш сапары менен барарын жана “жашыл коридор” маселеси сүйлөшүүлөрдө негизги маселе болорун баса белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстандын товарларын чек арадан тез өткөрүү маселесин чечүүгө Соода-өнөр жай палатасы мүмкүн болушунча салым кошот деп ишендирди. Жолугушуунун жыйынтыгында СӨП алдында сүт өндүрүүчүлөрдүн комитети түзүлдү.

Связанный пост