Бишкекте муниципалдык кызматкерлер үчүн кыргыз тилин окутуу курстары уюштурулууда

 Бишкекте муниципалдык кызматкерлер үчүн кыргыз тилин окутуу курстары уюштурулууда

Муниципалдык кызматкерлер  үчүн “Кыргыз тилин үйрөнөбүз” жана “Иштиктүү кыргыз тили” деген аталыштагы окуу курстар уюштурулууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү  орус тилдүү муниципалдык кызматкерлер  үчүн 3 айлык “Кыргыз тилин үйрөнөбүз” деген аталыштагы жана жалпы муниципалдык кызматчылар  үчүн иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча “Иштиктүү кыргыз тили” деген темада окуу курстарды өтүүдө.

Ошондой эле кызматкерлер аталган окуу курстарда “Кыргызтест” тестин тапшырууга да даярдык көрүп жатышат.

Бул  окуу курстар “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Бишкек шаарынын  мэриясынын  2022-жылдын  6-июлундагы  № 116 “Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруунун алкагында уюштурулууда.

Связанный пост