“Жалал-Абад” санаториясынан жеке менчикке берилип кеткен объектилер боюнча депутаттык комиссия жыйын өткөрдү

 “Жалал-Абад” санаториясынан жеке менчикке берилип кеткен объектилер боюнча депутаттык комиссия жыйын өткөрдү
Бүгүн, 28-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов, Аида Исатбек кызы, Нулифар Алимжанова, Замирбек Мамасыдыковдор Жалал-Абад шаардык мэриясында жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди.
Жыйынга Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, укук коргоо органдарынын кызматкерлер катышты.
Жыйында Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия тарабынан “Жалал-Абад” санаториясынын кармагындагы мыйзамсыз сатылап кеткен обьектилер жана жер тилкелери боюнча маселе каралды.
Белгилүү болгондой, аталган санаториянын ичиндеги имараттар, жер тилкелери мыйзамсыз жеке тараптарга сатылып кеткен 9 факты аныкталган. Депутаттар укук коргоо органдарына жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жер тилкелерди, имараттарды мыйзам чегинде мамлекетке кайтаруу боюнча тапшырмаларды беришти.

Связанный пост