Калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы башталды

 Калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы башталды

Бүгүн, 6-декабрда Юстиция министрлиги тарбынан калкка акысыз квалификациялуу адвокаттардан укуктук консультация берүү декадасы башталды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Адистерден сапаттуу укуктук жардам алуу иш-чарасы 13-декабрга чейин улантылат. Иш-чаранын алкагында жарандарга социалдык, үй-бүлөлүк, жер жана башка ар кандай укуктук маселелер боюнча консультациялык-укуктук жардам көрсөтүлөт.

Акция «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосу менен өтүп жатат.

Связанный пост