Кант жана Кара-Балта шаарларына жаңы заводдор курулат

 Кант жана Кара-Балта шаарларына жаңы заводдор курулат

Чүй облусунун Кант жана Кара-Балта шаарларына жаңы заводдор курулат. Бул тууралуу Түркия өлкөсүнөн келген инвесторлор Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев менен жолугушуу учурунда билдиришти.
Ишкерлер Кант шаарына пластик тетиктерди, асфальт чыгаруучу заводдорду жана Кара-Балта шаарында таштандыны кайра иштетүүчү завод курууну пландаштырышууда. Инвесторлор ар бир долбоорго 5миллиондон, 15-25миллионго чейин АКШ доллары сарпталаарын билдиришти.
Ошондой эле, түркиялык инвесторлордун айтымында, Чүй облусунун Аламүдүн районуна текстиль фабрикасын жана сүттү кайра иштетүүчү завод куруу маселеси каралып жатат.

Связанный пост