Ош шаарында ыктыярчылардын эл аралык күнү белгиленди

 Ош шаарында ыктыярчылардын эл аралык күнү белгиленди

Бүгүн, 5-декабрда бүткүл дүйнө Экономикалык жана социалдык өнүгүү үчүн ыктыярчылардын эл аралык күнүн белгилейт. Бул датанын алкагында Ош шаарынын ыктыярчыларынын жыл бою жасаган эмгеги жана шаарга жардам көрсөтүүгө кошкон салымдары белгиленди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарындагы волонтердук кыймылга активдүү катышкан жаштардын өкүлдөрүнө ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Соңунда активист жаштар тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, шаардык кеңештин депутаты Нурислам Каримов, Эл аралык республикалык институттун өкүлү Туйнун Мусаева, шаардык жаштар комитетинин төрагасы Жаныш Жусупбеков, жаштар, активисттер катышты.

Бул күн 1985-жылы БУУ тарабынан сунушталып, 30 жылдан ашык убакыттан бери белгиленип келүүдө. Ош шаарында да ыктыярчылар активдүү иш жүргүзүп келет. Алсак, ушул жылы Баткен облусунун тургундарына жардам берүү иштерине жигердүү катышышты.

Связанный пост