Бүгүн, 26-декабрда Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Ош шаарынын мэринин балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов калаанын жаш тургундарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, чың ден соолук, кубаныч жана окууларына ийгиликтерди каалады. Майрамдык салтанатка 500гө жакын социалдык жактан аялуу жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары, ден соолугунун […]Читать далее
Кыргызстанда бир жумада, 19-25-декабрга чейин, COVID-19дун 10 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 3 бейтап – ооруканага жаткырылган, 7 – амбулатордук дарыланууда. 19-25-декабрга чейин тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул […]Читать далее
Бүгүнкү күндө Салык кызматынын маалыматтык системасында 13 миң 880 ишкер катталып, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ишкерлер тарабынан “ЭТТК” системасы аркылуу 424 миң 367 электрондук документ таризделген. Анын ичинен сатуу документтери – 210 393, эсептен чыгаруу – 109 595, алып өтүү – 82 962, […]Читать далее
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында борбор калаанын мэринин жаңы жылдык балатысы өттү. Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жаш бишкектиктерди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, окууларына ийгиликтерди каалады. Балдардын жаңы жылдык «Жаңы Жылдын Жылдызы» спектаклине социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдөн, жетим, жарым жетим, көп балалуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, окуунун отличниктери […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербургга учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар: – Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев; – Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев; – Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат.Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун 24-25-декабрда Баткен облусуна болгон жумушчу сапары аяктады. Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Баткен районунун чек арага жакын жайгашкан Ак-Сай, Капчыгай, Миң-Өрүк жана Достук айылдарындагы турак жайлардын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Садыр Жапаров курулуп жаткан үйлөрдү көрүп чыгып, курулуш иштеринин сапаттуу жүргүзүлүшүнүн, үйлөргө ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл шарттардын камсыздалышынын маанилүүлүгүн белгиледи. Президент жеринде жергиликтүү […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кадамжай сурьма комбинатынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Мамлекет башчыга Кадамжай сурьма комбинаты 1936-жылы ишке киргизилгени тууралуу маалымат берилди. 2021-жылдан бери түрк инвесторунун келиши менен комбинаттын ишмердүүлүгү жакшырган. Металлургиялык заводдон тышкары комбинаттын өндүрүштүк бөлүмдөрүнө көмөкчү цехтер, фабрикалар жана негизги өндүрүштү тейлөөчү участоктор кирет. Учурда комбинатта 600дөн […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Айдаркен-Кадамжай унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Кадамжай-Айдаркен-Чечме автожолу Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 127-179-чакырымында жайгашкан. Жолдун жалпы узундугу 54 км, анын 48 километри асфальт-бетон менен төшөлгөн. Азыркы учурда иштер 90 пайызга бүткөрүлдү. Мамлекет башчысына жол мындан 50 жыл мурун курулуп, ушул убакыт аралыгында жараксыз абалга келгени […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен районундагы «Достук» чек ара заставасына барды. Мамлекет башчысы имараттын абалы жана аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттары менен таанышты. Мекеме бардык зарыл болгон жабдуулар менен жабдылганы жана керектүү талаптарга жооп берери белгиленди. Президент Садыр Жапаров чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча ырааттуу иштер улантыла турганын […]Читать далее
Садыр Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Баткен районунун чек арадагы Ак-Сай жана Капчыгай айылдарынын жергиликтүү тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. Мамлекет башчысы пикир алышуу учурунда чек ара маселелерин жөнгө салуу чаралары тууралуу айтып берди, жергиликтүү тургундардын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу, өндүрүштүк жана социалдык объектилерди […]Читать далее