Президент Кадамжай сурьма комбинатынын ишмердүүлүгү менен таанышты

 Президент Кадамжай сурьма комбинатынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-де­кабрда, Баткен облус­уна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кадамжай сурьма комби­натынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мамлекет башчыга Кад­амжай сурьма комбина­ты 1936-жылы ишке ки­ргизилгени тууралуу маалымат берилди. 20­21-жылдан бери түрк инвесторунун келиши менен комбинаттын иш­мердүүлүгү жакшырган. Металлургиялык зав­оддон тышкары комбин­аттын өндүрүштүк бөл­үмдөрүнө көмөкчү цех­тер, фабрикалар жана негизги өндүрүштү тейлөөчү участоктор кирет. Учурда комбина­тта 600дөн ашык адам үч сменде иштейт.

Комбинат айына 30-40 тоннага жакын көлөм­дөгү металл сурьма чыгарып, айлык көрсөт­күчтү 200 тоннага же­ткирүү пландалып жат­ат. Ошондой эле сутк­асына орто эсеп менен 600-700 тонна руда казылып алынса, кел­ечекте 1000 тоннага жеткирилет.

Мамлекет башчы комби­натта өндүрүштү кайра жандандыруу боюнча көрүлүп жаткан чара­ларды, атап айтканда, технологиялык чынж­ырга киргизилген жеке корректировкаларды канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров жамаат менен болгон баарла­шууда мамлекет өнөр жайды өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды тү­зүп, ата мекендик өн­дүрүшчүлөрдү колдоого бардык күч-аракетин жумшап жатканын ба­са белгиледи.

Президент Садыр Жапа­ров тиешелүү мамлеке­ттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына комбинат­тын ишин активдештир­үү үчүн максималдуу жардам көрсөтүүнү та­пшырды, бул жергилик­түү калктын жашоо-ша­ртын жана аймактын экономикалык абалын жакшыртат.

Связанный пост