Кыргызстанда бир жумада COVID-19дун 10 жаңы учуру аныкталды

 Кыргызстанда бир жумада COVID-19дун 10 жаңы учуру аныкталды

Кыргызстанда бир жумада, 19-25-декабрга чейин, COVID-19дун 10 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, 3 бейтап – ооруканага жаткырылган, 7 – амбулатордук дарыланууда. 19-25-декабрга чейин тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

2022-жылдын 11 ай 26 күнүндө жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 820 учуру катталды, анын ичинен 19 809 (90,8%) учур лабораториялык тастыкталган жана 2011и (9,2%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.

Связанный пост