Садыр Жапаров Айдаркен-Кадамжай унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты

 Садыр Жапаров Айдаркен-Кадамжай унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, Баткен облусуна​ жумушчу сапарынын алкагында Айдаркен-Кадамжай унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Кадамжай-Айдаркен-Чечме автожолу Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 127-179-чакырымында жайгашкан. Жолдун жалпы узундугу 54 км, анын 48 километри асфальт-бетон менен төшөлгөн. Азыркы учурда иштер 90 пайызга бүткөрүлдү.

Мамлекет башчысына жол мындан 50 жыл мурун курулуп, ушул убакыт аралыгында жараксыз абалга келгени тууралуу маалымат берилди. Буга чейин чуңкурларды оңдоо иштери гана жүргүзүлүп келген. ​ Үстүбүздөгү жылдын июль айында оңдоо иштери башталган, техника жана жумушчулар жетиштүү. Курулуш иштери техникалык регламенттин талаптарына ылайык жүргүзүлүүдө.

Садыр Жапаров жергиликтүү тургундарга берген убадасын аткарып, маанилүү объектинин капиталдык оңдоосун баштоо ал үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Президент баса белгилегендей, жолдун курулушу Айдаркен жана Кадамжай шаарларынын тургундарынын бир катар көйгөйлөрүн чечүүгө, анын ичинде жол коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Ал жолду заманбап талаптарга ылайык сапаттуу куруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров унаалардын үзгүлтүксүз, коопсуз жана ыңгайлуу кыймылын камсыз кылуу максатында бул долбоордун бүтүрүлүшүн тездетүүнү тапшырды.

Связанный пост