Ош шаарынын мэринин жаңы жылдык балатысы уюштурулду

 Ош шаарынын мэринин жаңы жылдык балатысы уюштурулду

Бүгүн, 26-декабрда Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Ош шаарынын мэринин балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов калаанын жаш тургундарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, чың ден соолук, кубаныч жана окууларына ийгиликтерди каалады.

Майрамдык салтанатка 500гө жакын социалдык жактан аялуу жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана ар кандай сынактарда, олимпиадаларда жеңишке жеткен окуучулар катышты.

Балдар үчүн шаардык маданият башкармалыгы жана “Келечек” балдардын чыгармачылык борбору тарабынан жаңы жылдык театралдаштырылган оюн-зоок, майрамдык концерттик программа уюштурулду.
Иш-чаранын аягында аларга жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Связанный пост