Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Санкт-Петербургга учуп кетти

 Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Санкт-Петербургга учуп кетти

Президент Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербургга учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

– Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

– Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев;

– Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат.

Связанный пост