Images

Маданият

Кыргызстандын бир катар маданият ишмерлери Ауэзовдун алтын медалы менен сыйланды

Казак жана дүйнөлүк адабият классиги, XX кылымдын залкары Мухтар Ауэзовдун алтын медалы менен ТҮРКСОЙ эл аралык уюму Кыргызстандын адабият, илим, искусство, маданият жаатында эмгеги сиңген бир катар инсандарды сыйлады. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев билдирди. Анын айтымына караганда, Кыргызстандан төмөнкүлөр сыйланды: 1. Чолпон-Ата шаарындагы Мухтар Ауэзов үй-музейинин директору Саламат Табышова, музей кызматкери Манат […]Читать далее

Саясат

Консул Борбиев Чикагодогу кыргыз коомдук диаспоралык бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолукту

Кыргызстандын Чикаго шаарындагы башкы консулу Болот Борбиевдин Kyrgyz Community Center аттуу кыргыз коомдук борборунун базасында Чикагодогу кыргызстандык коомдук диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул жолугушуу жарандарды жаңыдан түзүлгөн Башкы консулдуктун иши менен тааныштыруу, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, экономикалык дипломатия, маданият, туризм, Кыргызстанга […]Читать далее

Билим

Информатика боюнча Эл аралык олимпиадада кыргызстандык үч окуучу коло утту

Үстүбүздөгү жылдын 7-15-август күндөрү Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн информатика боюнча XXXIV Эл аралык олимпиадада (34th IOI 2022 Indonesia) Кыргызстандан үч мектеп окуучусу коло медалга ээ болуп, бирөө ардак грамота менен сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. International Olympiad in Informatics – бул информатика боюнча дүйнөдөгү ири олимпиада болуп саналат. […]Читать далее

Коом

14-троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү

14-троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасы билдирди. Киркомстром аймагындагы акыркы аялдамадагы оңдоо иштерине байланыштуу 2022-жылдын 15-августунан 20-августуна чейин №14 троллейбус Бейшеналиева-Москва-Фучик көчөлөрү менен жүрөт. Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайт жана түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт!Читать далее

Билим

Жаңы окуу жылына карата даярдык көрүлүүдө

Жайкы каникул мезгилинде жаңы окуу жылына даярдык көрүү максатында Бишкек шаарынын бардык билим берүү уюмдарында косметикалык оңдоо иштери каралган: актоо – коридорлорду, тепкичтерди, окуу жана административдик кабинеттерди, актовый жана спорт залдарын,  коомдук тамактануу бөлүмдөрүн сырдоо; жылытуу жана суу менен камсыз кылуу системаларын оңдоо, чатырларды жабуу, бүтөө иштери. 2022-жылга карата курулуш объектилеринин титулдук тизмесине ылайык, “Билим […]Читать далее

Коом

Ысык-Көлгө чөккөн 4 жаштагы кызды издөө иштери токтотулду

Ысык-Көлгө чөккөн 4 жаштагы кызды издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, издөө иштери сууга чөгүп кеткен адамдарды издөө 20-күнү токтотула турган куткаруу жана издөө иш-чаралары жөнүндө жобонун негизинде токтотулат. “ӨКМдин куткаруучулары жана суучулдар 24 күн бою издөө иштерин жүргүзүштү, бирок натыйжа болгон жок. Издөө […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров Жетим-Тоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Жетим-Тоого байланыштуу кайрылуу жасады. Мамлекет башсычынын кайрылуусунда мындай деп жазылат: “Урматтуу кыргызстандыктар! Жакындан бери социалдык түйүндөрдү карасам, Жетим-Тоону “коргогучтар” болуп чыга келген жарандарыбыз элге кайрылуу кылып, өздөрүн “баатыр” көрсөтүп, элди “көтөрүлгүлө” деп чакырык жасап жатышыптыр. Ушундан улам элге толук маалымат берип коюуну туура көрдүм. Эсиңиздерде болсо, президенттик шайлоодо “Эгер […]Читать далее

Коом

16-17-августта борбор калаанын айрым райондорунда таза суу токтотулат

16-17-августта Бишкектин айрым райондорунда таза суу токтотулат. Бул тууралуу “Бишкексууканал” башкармалыгы билдирет. Маалыматка ылайык, Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү №83 турак жайдын электр энергияга кошулуусуна байланыштуу 8-кичи райондогу №47 үйдүн насостук станциясын өчүрүү зарыл. Ага байланыштуу эртең, 16-августта саат 10:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү турак жайларда таза суу берүү токтотулат: 8-кичи район. №45, №46, №47, №45/1, №46/1, №46/4; Токомбаев […]Читать далее

Коом

Ысык-Көлдө 1400 түк чөп өрттөнүп кетти

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 1400 түк чөп өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кечээ, 14-августта саат 19:10 чамаларында Түп районунун Жылуу-Булак айылындагы турак үйлөрдүн биринин коросундагы бастырмада жыйналган чөп күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Жерине Түп райондук №34 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып саат 20:00 […]Читать далее

Коом

Бишкекте “Антиконтрафакт” Х эл аралык форуму өтөт

Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 26-28-сентябрь күндөрү “Антиконтрафакт” Х эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарада товарларды идентификациялоо жана мониторинг жүргүзүү, бажы, техникалык жөнгө салуу жана сертификациялоо, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү үчүн онлайн-соода жана IT технологияларды колдонуу маселелери талкууланат. Форум “Жаңы чакырыктар – […]Читать далее