Бишкекте “Антиконтрафакт” Х эл аралык форуму өтөт

 Бишкекте “Антиконтрафакт” Х эл аралык форуму өтөт

Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 26-28-сентябрь күндөрү “Антиконтрафакт” Х эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарада товарларды идентификациялоо жана мониторинг жүргүзүү, бажы, техникалык жөнгө салуу жана сертификациялоо, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү үчүн онлайн-соода жана IT технологияларды колдонуу маселелери талкууланат.

Форум “Жаңы чакырыктар – контрафакт менен күрөшүүнүн жаңы механизмдери!” урааны алдында өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо маселелерине арналат.

Форумду КР министрлер кабинети, Евразия экономикалык комиссиясы жана “Антиконтрафакт” эл аралык ассоциациясы уюштурууда.

Связанный пост