14-троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү

 14-троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү

14-троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасы билдирди.

Киркомстром аймагындагы акыркы аялдамадагы оңдоо иштерине байланыштуу 2022-жылдын 15-августунан 20-августуна чейин №14 троллейбус Бейшеналиева-Москва-Фучик көчөлөрү менен жүрөт.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайт жана түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт!

Связанный пост