Ысык-Көлгө чөккөн 4 жаштагы кызды издөө иштери токтотулду

 Ысык-Көлгө чөккөн 4 жаштагы кызды издөө иштери токтотулду

Ысык-Көлгө чөккөн 4 жаштагы кызды издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, издөө иштери сууга чөгүп кеткен адамдарды издөө 20-күнү токтотула турган куткаруу жана издөө иш-чаралары жөнүндө жобонун негизинде токтотулат.

“ӨКМдин куткаруучулары жана суучулдар 24 күн бою издөө иштерин жүргүзүштү, бирок натыйжа болгон жок. Издөө иштери беш аймакта эртең мененки саат 05:00дөн 21:00-22:00гө чейин жүргүзүлдү. Суучулдар 20 метр тереңдикке киришти, көп сандаган куткаруу топтору тартылды. Алар көлдүн үстүндө, астында жана жээгинде издөө иштерин жүргүзүштү, бирок натыйжа болбоду”, – дешти ведомстводон.

Министрликтен кыздын үй-бүлөсү куткаруучулары жок жапайы пляжда эс алгандыгын, муну менен коопсуздук эрежелерин бузгандыгын кошумчалашты. Андан тышкары, ал күнү аба ырайы начар болгон.

Белгилей кетсек, 2018-жылы туулган Н.А., аттуу кыз үстүбүздөгү жылдын 18-июлунда болжол менен саат 15:00дөр чамасында Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосундагы пляжда сууга чөгүп кеткен. Кыз матрас баллондо калкып жүргөн маалда катуу шамал болуп, толкун агызып кеткен.

Связанный пост