Муфтият зыяратчыларды эмдөөдөн өтүүгө чакырды

 Муфтият зыяратчыларды эмдөөдөн өтүүгө чакырды

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы эмдөө сертификаты жок жарандар ажылыктын тизмесинен чыгып калышы мүмкүндүгүн эскертти. Бул тууралуу башкармалык соцтармактагы баракчасына жарыялады.

2019-2023-жылдар ичинде ажылыктын электрондук базасына катталып, кезек күтүп турган талапкерлер Сауд Арабия королдугунун саламаттык сактоо министрлигинин талаптарына ылайык Ковид-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификаты талап кылынат жана ар бир ажылыкка баруучу талапкердин делосуна тиркелүүсү зарыл.
Муну менен катар төмөнкү дарылардын бирөөсү менен эмдөөдөн өткөндүгү боюнча сертификаты талап кылынат.
1-Pfizer-BioNTech, 2-AstraZeneca, 3-Moderna, 4-Janssen, 5-Sinopharma, 6-Sinovac, 7-Sputnik V, 8-Covaxin, 9-Nuvaxovid, 10-Covovax.

Связанный пост