99 билим берүү мекемесинде санитардык объектилер курулат

 99 билим берүү мекемесинде санитардык объектилер курулат
Билим берүү жана илим министрлиги жана Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында коопсуз окутуу чөйрөсүн түзүү, окуучулардын ден соолугун камсыз кылуу жана сергек жашоо образын калыптандыруу боюнча кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол койду. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.
Кызматташтык төмөнкүлөрдү камтыйт:
– “суу, санитария, гигиена” компонентин мектепке чейинки жана жалпы билим берүү программаларына киргизүү, санитария жана гигиена, жугуштуу оорулардын алдын алуу ченемдерин окутуу.
– мугалимдер үчүн суу, санитария, гигиена маселелери боюнча семинарларды уюштуруу.
– мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарындагы санитардык курулмалардын санитардык-гигиеналык абалын мезгил-мезгили менен контролдоо,
-санитардык-техникалык курулмаларды реабилитациялоого жана/же курууга;,
– физикалык, психологиялык, социалдык, маалыматтык жана экологиялык коопсуздук,
– ысык тамак даярдоо үчүн шарттарды жакшыртуу.
Долбоор боюнча АРИС 4 миң мугалимди жана 40 миң окуучуну камтыган маалыматтык түшүндүрүү иштерин, 99 пилоттук билим берүү мекемелериндеги санитардык объектилерди реабилитациялоону жана/же курууну каржылайт.

Связанный пост