Суу фондуна тиешелүү жерлерди мыйзамсыз бөлүп берген 13 кызмат адамына айып тагылды

 Суу фондуна тиешелүү жерлерди мыйзамсыз бөлүп берген 13 кызмат адамына айып тагылды

КР УКМК тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун суу коргоо зоналарындагы берилген жер тилкелеринин мыйзамдуулугун текшерүүдө, жеке жактарга Чыгыш Чоң Чүй каналынын жээгиндеги жерлерди мыйзамсыз берүү фактыларын, ошондой эле шаар куруу, уруксат берүүчү жана белгилөөчү документтерди мыйзамсыз берүү фактылары аныктады.
КР Айыл чарба министрлигине караштуу Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы Чыгыш Чоң Чүй каналынын жээгиндеги жер тилкелерин жеке адамдын пайдасына мыйзамсыз берилгени аныкталды. Ошол эле учурда, суу коргоо зоналарынын аймагында имараттарды курууга мыйзам тарабынан тыюу салынганына карабастан, ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары тарабынан архитектуралык уруксаттар берилген, алардын негизинде суу фондусунун жерлерине коммерциялык курулуштар курулуп кеткен.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, КР Айыл чарба министрлигине караштуу Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын мурдагы башчысы Д.Р.Ж. жана жеке жак С.А.А. кармалып, КР УКМК тергөө абагына киргизилди.
Бул кылмыш ишинин алкагында чогултулган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын төмөнкү кызматкерлери:
– Мамкурулуштун мурдагы директору А.Б.А.;
– Мамкурулуштун Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчилерине жана кызмат адамдарына К.Б.У., М.М.Т., К.Ч.К., М.Ч.М., А.Н.Р.;
– Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик кызмат адамдары К.Б.Т., М.Б. жана К.А.А.;
– Ысык-Ата жана Аламүдүн райондору боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактар аралык башкармалыгынын жетекчилери жана кызмат адамдары К.Э.Н. жана Б.А.Ш. карата айып тагылды.
Азыркы учурда кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, ушул сыяктуу республиканын суу фондусуна тиешелүү жерлерди мыйзамсыз берүү жана ал жерлерге куруу фактыларын аныктоо иштери уланууда.

Связанный пост