Кыргызстанда бир катар белгилүү чет элдик компаниялар «Google салыгын» төлөшүүдө

 Кыргызстанда бир катар белгилүү чет элдик компаниялар «Google салыгын» төлөшүүдө

Кыргыз Республикасында электрондук түрдө кызмат көрсөтүүчү бир катар чет өлкөлүк компаниялар республиканын бюджетине кошумча нарк салыгын төлөөчү катары катталып, “Google салыгын” төлөөчү болушту. Бул тууралуу КР Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Бир жылдын ичинде 39 чет элдик компания Салык кызматынын vat.salyk.kg сервиси аркылуу аралыктан салыктык каттоодон өтүшкөн.
Анын ичинде АКШда катталган 6 компания, Дубайда, Ирландияда, Нидерландияда – 4төн, Улуу Британияда, Канадада, Кипрде – 3төн, Бириккен Араб Эмираттарында, Россияда жана Люксембургда, Кайман аралдарында, Латвияда, Японияда – 2ден жана Эстонияда, Арменияда, Казакстанда, Швецияда – бирден компания катталган. Алардын арасында Google, Amazon, Netflix, Яндекс Go, Adobe, Xsolla, Spotify, Audible сыяктуу белгилүү компаниялар бар.  2022-жылы 4 чет элдик компания – Яндекс Go, Vaskiani Ventures, Xsolla жана Adobe республиканын бюджетине 85 млн сомдон ашык суммадагы кошумча нарк салыгын төлөшкөн.
Эскерте кетсек, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын чет өлкө кызматтарын пайдалануучуларына электрондук кызмат көрсөтүүчү чет элдик уюмдар үчүн “Google салыгы” киргизилген.

КНСтин ставкасы көрсөтүлгөн кызматтардын суммасынын 12% түзөт. Белгилүү чет өлкөлүк компаниялардын ыктыярдуу түрдө каттоодон өтүп, салык төлөөсү – алардын өз аброюн жогору баалай тургандыгынын жана аймагында акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүп жаткан өлкөнүн мыйзамдарын сыйлап, ага баш ийе тургандыгынын далили болуп саналат.
Салык кызматы Кыргызстанда электрондук кызматтарды көрсөткөн башка чет өлкөлүк компанияларды vat.salyk.kg сервиси аркылуу КНС төлөөчү катары аралыктан каттоодон өтүүгө жана идентификациялык салык номерин алып, салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгүн алууга чакырат.

Связанный пост