Кант-Ивановка темир жолунда шпалдарды толук алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө

 Кант-Ивановка темир жолунда шпалдарды толук алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант-Ивановка тилкесинде жыгач шпалдарды темир-бетон шпалдарына толук алмаштыруу боюнча жолду оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Жалпысынан бул тилкеге 4 чакырымга темир-бетон шпалдарын төшөө пландалып, учурда 2 чакырымы төшөлүп бүттү. Жумушка 100дөн ашык темир жолчу жана 3 инженердик техника тартылган.
Иш-чара «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын 2023-жылга карата оңдоо иштеринин планына ылайык өткөрүлүүдө.

Связанный пост