Galleries

Коом

Борбор калаада сугат мезгили башталды

Быйыл кыртышта нымдуулукту мүмкүн болушунча көбүрөөк сактоо үчүн сугаруу эрте башталды. Таң эрте “Асанбай” жана “Мураталы” каналдарынан арыктарга суу коё берилди. Учурда Д.Асанов атындагы Жеңиш паркына секундасына 300 л. суу берилип сугарылууда. Ошондой эле Жукеев-Пудовкин көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Жантөшев көчөсүнө чейин, Юнусалиев көчөсү Донецк көчөсүнөн Ахунбаев жана Байтик-Баатыр көчөсүнө чейин сугарылууда Белгилей кетсек, буга катар […]Читать далее

Укук тартиби

“Чакан ГЭС” ААКнын жетекчилеринин бири пара менен кармалды

КР УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупциялык схеманын бети ачылды. Анда, “Чакан ГЭС” ААКнын жооптуу адамдары тарабынан курулуш иштери боюнча тендерлерди өткөрүүдө аткарылган иштердин сапатына зыян келишине карабай алдын ала пара («откат») алышкан. Тергөө тарабынан “Чакан ГЭС” ААКнын жетекчиси жеке ишкерлерден системалуу түрдө түзүлгөн келишимдин суммасынан 10% өлчөмүндө акча каражатын пара («откат») түрүндө талап кылганы, эгерде […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңешинин Төрагасы “Кербен” аэропортунун абалы менен таанышты

Бүгүн, 30-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы “Кербен” аэропортунун абалы менен таанышты. Алсак, аталган аэропорт ишке берилсе Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунун, Таш-Көмүр шаарынын жана Шамалдуу-Сай, Кызыл-Жар-12 шаарчаларынын 350 миңден ашуун тургундары үчүн аба каттамы ачылып, жергиликтүү элге ыңгайлуу шарт түзүлөт. Муну менен катар Өзбекстан менен чектешкен Жетиген айылындагы мамлекеттик […]Читать далее

Министрлер кабинети Эл аралык мамилелер

Министрлер Кабинетинде Кореянын мурдагы элчиси Ким Чанг Гю кабыл алынды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Корея Республикасынын мурдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Чечхон шаарынын азыркы мэри Ким Чанг Гю жетектеген кореялык делегация менен жолукту. Эдил Байсалов Чечхон жана Талас шаарларынын ортосунда кызматташтыкты түзүү боюнча келишимге кол коюлганын кубаттап, бул жаңы достук көпүрөсү болуп Кыргыз Республикасы  менен Корея Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты […]Читать далее

Аймак Коом

Көк-Жаңгакта шаардык парк жаңыланды

2023-жылдын 29-мартында Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак калаасындагы жаңыланган шаардык парк салтанаттуу түрдө ачылды. Паркта жолдору оңдолуп, балдар аянтчасы, дарбаза, коомдук даараткана курулган. Сейилдөөчү жайдын аймагында видео байкоо тутуму иштемекчи. Калаанын паркы демилгелүү тургундардын, шаардык кеңеш, мэрия, аймактагы ишкерлер жана USAID «Жигердүү жарандар» долбоорунун алгылыктуу аракеттеринин аркасында жаңыртылды. Көк-Жаңгак шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу Өмүрбек Мамытов сейил бактын […]Читать далее

Коом

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасы энергетика объектилеринде селге каршы иш-чараларды

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын энергетиктери жаздын келиши менен сел жүрүү коркунучунун алдын ала баштады. Суу ташкындарын болтурбоо максатында иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучун азайтат жана электр жабдууларынын зыян тартуусун алдын алат. Планга ылайык төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлөт: Көмөкчордондордо: – көмөкчордондордун айланасында дренаждык каналды куруу; – учурдагы дренаждык жана сел каналдарын тазалоо; […]Читать далее

Коом

Борбор калаанын коомдук транспорту текшерүүдөн өттү

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүү департаменти тарабынан рейд өткөрүлдү. Муниципалдык ишканалардын жана жеке ташуучу фирмалардын жетекчилери менен бирдикте кыймылдуу курамдын техникалык абалын, санитардык нормалардын сакталышын, жол каттамдар схемасындагы аялдамалардын аталыштарынын туура жазылышын, пландуу чыгуунун, кыймылдын интервалынын жана жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелеринин сакталышын текшеришти. Текшерүүнүн жыйынтыгында одоно эреже бузууларга жол берген айдоочуларга түшүндүрүү иштери […]Читать далее

Эл аралык мамилелер

Коопсуздук кеңешинин катчысы ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйынына

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 29-мартта Нью-Дели шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 18-жыйынына катышты. Марат Иманкулов өз сөзүндө ШКУнун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын үзгүлтүксүз жолугушуулары мамлекет башчылары тарабынан кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу үчүн реалдуу практикалык мүмкүнчүлүк экенин белгиледи. Туруктуу иштеген органдардын активдүүлүгү жана ШКУнун бардык механизмдерин тартуунун аркасы менен, […]Читать далее

Укук тартиби

Жашыруун зергерчилик цехтен 70 кг күмүш жана 2,5 кг алтындан

КР УКМК тарабынан Бишкек шаарында жашыруун зергерчилик цехтеринин ишмердүүлүгү аныкталып, токтотулду. Айрым ишкерлер Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин кызмат адамдары менен жең учунан сүйлөшүп алып, мыйзамдарды бузуу менен зергер буюмдарын маркалоонун милдеттүү жол-жобосунан өтпөгөндүгү жана тиешелүү салыктарды төлөөдөн качуу максатында колго жасалган зергер жабдууларды колдонуу менен мыйзамсыз иштерди жүргүзүшкөнү аныкталды. 2023-жылдын 28-мартында […]Читать далее

Коом

Ош шаарынын ичиндеги арыктар тазаланып, тоскоолдуксуз суу агып туруусуна шарттар

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов тиешелүү коммуналдык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте шаардын бардык кичи райондорундагы жашылдандыруу жана ирригациялык тармактардын абалы менен таанышты. Мэр ирригациялык системалардын жана жашыл аянтчалардын абалына өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү кызматтарга МАБдар менен биргеликте эки жуманын ичинде ирригациялык тармактарды реконструкциялоо жана зарыл болгон жерлерге арыктарды ачуу боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды. “Шаар ичинде […]Читать далее