Борбор калаанын коомдук транспорту текшерүүдөн өттү

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүү департаменти тарабынан рейд өткөрүлдү.

Муниципалдык ишканалардын жана жеке ташуучу фирмалардын жетекчилери менен бирдикте кыймылдуу курамдын техникалык абалын, санитардык нормалардын сакталышын, жол каттамдар схемасындагы аялдамалардын аталыштарынын туура жазылышын, пландуу чыгуунун, кыймылдын интервалынын жана жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелеринин сакталышын текшеришти.

Текшерүүнүн жыйынтыгында одоно эреже бузууларга жол берген айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жол каттамдар схемасын текшерүү боюнча 11 акт, техникалык абалы боюнча 5 акт, санитардык ченемдерди сактабагандыгы боюнча 4 акт түзүлдү.

Муниципалдык ишканаларга жана ташуучу фирмаларга эреже бузууларды кыска мөөнөттө жоюу жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт.

Белгилей кетсек, рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, жыйынтыгында ак ниетсиз жетекчилерге жана айдоочуларга карата тартиптик чаралар көрүлүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктардан жана айдоочулардан коомдук транспортто жүрүүдө эрежелерди сактоону өтүнөт.

Связанный пост