Жогорку Кеңешинин Төрагасы “Кербен” аэропортунун абалы менен таанышты

Бүгүн, 30-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы “Кербен” аэропортунун абалы менен таанышты.

Алсак, аталган аэропорт ишке берилсе Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунун, Таш-Көмүр шаарынын жана Шамалдуу-Сай, Кызыл-Жар-12 шаарчаларынын 350 миңден ашуун тургундары үчүн аба каттамы ачылып, жергиликтүү элге ыңгайлуу шарт түзүлөт. Муну менен катар Өзбекстан менен чектешкен Жетиген айылындагы мамлекеттик чек арага көзөмөл-өткөрмө жайы ачылса, коңшу өлкөнүн 350 миңден ашуун калкы да “Кербен” аэропортунун тейлөөсүнөн пайдалана алышат.

Азыркы тапта аба майданынын аэробекети заманбап шартта толугу менен бүткөрүлгөн. Бирок учуу тилкелерин кеңейтүү жана аларды асфальттоо иштери аягына чыгарыла элек. Андыктан Төрага Нурланбек Шакиев “Манас Эл аралык аэропорту” Ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновго ушул жылдын август айына чейин бардык жумуштарды бүткөрүү талабын койду.

“Кыргызстан менен катар коңшу Өзбекстандын да калкын тейлеп, эл аралык макамга ээ боло турган “Кербен” аэропортунун мүмкүнчүлүктөрү кең. Анткени, борборго жана башка аймактарга барчу жол узак болгондуктан, учак менен каттоону каалоочулар арбын чыгаары анык. Андыктан, аба каттамын тез арада ачуу үчүн керектүү иштерди ыкчам аягына чыгаруу зарыл”, – деди Төрага.

Связанный пост